Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Боливиянын мурдагы президенти Эво Моралес мекенине кайтып барды


Эво Моралес.
Эво Моралес.

Боливиянын мурдагы президенти Эво Моралес үзөңгүлөшү, «Социализмге карай жол» партиясынын мүчөсү Луис Арсе президенттик шайлоодо жеңип чыккандан кийин мекенине кайтып барды.

Мурдагы президенттин тарапкерлери аны көчөгө чыгып, жылуу тосуп алышты. Моралес соңку жагдайды өз жеңиши катары баалады. Ал Аргентина менен чектешкен Вильясон шаарында сүйлөп жатып:

«Боливия элинин колдоосу менен бир жылдан кийин кайтып келип отурабыз. Боордоштор! Бул кимге түшүнүксүз болуп жатат? Бизди Боливияда алдамчылыкка байланыштуу айыптагандар эмне болуп жатышат? Мен өлкөнүн бийлигине Жогорку соттун мурдагы мүчөлөрүнө карата чара көрүүнү жана биз тараптан эч кандай алдамчылык болбогонун далилдөөнү талап кылам», - деди.

Моралес Боливияга Аргентинадагы Ла-Кьяки шаарынан кайтып келди.

Эво Моралес 2019-жылдын ноябрындагы өлкөдөгү массалык нааразылык акцияларынан кийин чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ал кезде нааразылык акциялары президенттик шайлоодо Морелестин төртүнчү жолу шайланганы жарыяланган соң башталган. Өлкөнүн утурумдук бийлиги Морелести террорчулук, бийликти басып алуу сыяктуу оор беренелер боюнча айыптаган. Бирок мурдагы президент ал айыптоолорду четке кагып келген.

XS
SM
MD
LG