Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-декабрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 04:05

Ереванда «Азаттыктын» армян кызматынын кеңсесине чабуул коюлду


«Азаттыктын» армян кызматынын эн белгиси.

Тоолуу Карабактагы тынчтык келишимине кол коюлушуна каршы нааразылык акциялары болуп жаткан Армениянын борбору Ереванда 40тай киши «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун армян кызматынын кеңсесине чабуул койду. Сүрмө топ радионун кеңсесине 10-ноябрда эртең менен барган. Алар журналисттерди «чыккынчылар», «түрктөр» деп тилдешкен.

«Менин досторумдун өлүмү үчүн силер жооп бересиңер», - деп билдирген кеңсеге келгендердин бири.

Айрымдары радионун түз эфирге чыгышына жолтоо болуш үчүн компьютердик серверлерди жок кылууну көздөп жатканын айтышкан.

Армениянын журналисттер биримдиги бул окуяны кескин түрдө айыптады.

«Азаттыктын» армян кызматынын аткаруучу продюсери Артак Амбарцумян кеңсеге келгендердин арасында Армян революциялык федерациясынын (Дашнакцутюн) мүчөлөрүнүн бири Герасим Варданян болгонун билдирди. Бул саясий күч 9-ноябрдагы келишимден соң премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып чыккан.

9-ноябрь түнү Армения менен Азербайжандын жетекчилери Орусиянын арачылыгы алдында Тоолуу Карабактагы атышууну токтотуу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюшкан. Ал документке ылайык, Азербайжан соңку кагылышууда ээлеген аймактарга өз көзөмөлүн сактап калат. БУУнун келишимдерине ылайык Тоолуу Карабакка качкындар кайтып барат жана тараптар чектешкен сызыкка орусиялык аскерлер тынчтык сактоо күчтөрү катары жайгаштырылат. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян «Фейсбуктагы» баракчасына түз эфирге чыгып, бул келишимге кол коюудан башка арга жок экенин билдирген.

Бул чечим Армения коомунун бир бөлүгүнүн нааразылыгын жаратты. 10-ноябрда эртең менен ачууланган оппозициянын тарапкерлери Еревандагы өкмөттүн, парламенттин имаратына күч менен кирип, терезелерди, эмеректерди талкалашты.

Тоолуу Карабактагы кырдаал 27-сентябрдан бери курчуп, куралдуу чатак уланып жаткан. Акыркы күндөрү Азербайжандын аскерлери бир нече калктуу конушту ээлеп, акыркы жолу стратегиялык мааниси бар Шуша шаарын өз көзөмөлүнө алган болчу.

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG