Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 15:21

Орусиялык аскерлер Тоолуу Карабакка жайгаштырылууда


Орусиялык учактар.

Тоолуу Карабактагы атышууну токтотуу боюнча Армения, Азербайжан жана Орусия менен үч тараптуу келишимге кол коюлган соң бул аймакка орусиялык аскерлер тынчтык орнотуучу катары жөнөп жатышат.

Орусиянын Коргоо министрлиги тынчтык орнотуучу күчтөр аскердик-транспорттук учактар кагылышуу аймагына учуп кеткенин кабарлады.

Келишимде орус чек арачылары ошондой эле Азербайжанды Нахичевань эксклавы менен байланыштырган, Армения аркылуу өткөн транспорт коридорун көзөмөлдөп турмакчы.

Президент Алиев Бакунун өнөктөшү Түркия атышпоонун сакталышына көз салган тынчтык орнотуу борборунун ишине катышарын билдирди.

10-ноябрь түнү Армения менен Азербайжандын жетекчилери Орусиянын арачылыгы алдында Тоолуу Карабактагы атышууну токтотуу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюшкан. Ал документке ылайык, Азербайжан соңку кагылышууда ээлеген аймактарга өз көзөмөлүн сактап калат.

Тоолуу Карабактагы кагылышуу учурунда чыгып кеткен качкындар эл аралык келишимдер боюнча кайтып барат. Келишимде орусиялык тынчтыкты камсыз кылуу күчтөрүн талаштуу аймакка кеминде беш жылга жайгаштыруу каралган.

Бул келишимге кол коюлушуна армян коомчулугунун бир бөлүгү нааразы болду. ​Түн ичинде Еревандын борборуна келишимге каршы болгон бир нече миң киши чогулуп, нааразылыгын билдирди. Алар Өкмөт Үйүнө кирип барып, жыйындар залын талкалап салышты. Премьер-министр Никол Пашинян ал кезде имаратта жок болчу.

Кийинчирээк ачууланган топ Пашиняндын резиденциясына бет алып, парламентке кирип барды. Акциянын катышуучулары спикер Арарат Мирзоянды сабап кетишкени, ал ушу тапта жаракат алып ооруканада жатканы кабарланууда.

Оппозициялык бир катар партиялар келишимге каршы болуп, премьердин кызматтан кетишин талап кылышууда.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG