Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 09:34

Арменияга орусиялык тынчтык орнотуу күчтөрүнүн 200 өкүлү жеткирилди


Орусиялык учактар.

Орусиянын Аскердик-транспорттук авиациясынын учактары Арменияга 200дөн ашуун тынчтык орнотуучуну жеткирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, 15-тынчтык орнотуучу бригаданын командирлери жоокерлер менен бирге Ил-76 үлгүсүндөгү 12 учак менен 10-ноябрда Арменияга конду.

Алар жайгаша турган аймакка бронетехника жана байланыш каражаттары жеткирилди. Тоолуу Карабактын жаңжал чыккан аймагында жайгаша турган тынчтык орнотуучу контингенттин жалпы саны эки миңдей аскер кызматкерин түзөт. Мындан тышкары 90 бронетранспортер, 400дөй автоунаалар жана атайын техникалар болот.

Орусиялык аскер байкоочулары Армения менен Тоолуу Карабакты байланыштырып турган Лачин коридорун бойлой жайгашат.

10-ноябрга караган түнү Армения менен Азербайжандын жетекчилери Орусиянын арачылыгы алдында Тоолуу Карабактагы атышууну токтотуу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюшкан. Ал документке ылайык, Азербайжан соңку кагылышууда ээлеген аймактарга өз көзөмөлүн сактап калат.

Тоолуу Карабактагы кагылышуу учурунда чыгып кеткен качкындар эл аралык келишимдер боюнча кайтып барат. Келишимде орусиялык тынчтыкты камсыз кылуу күчтөрүн талаштуу аймакка кеминде беш жылга жайгаштыруу каралган.

Бул келишимге кол коюлушуна армян коомчулугунун бир бөлүгү нааразы болду. ​Түн ичинде Еревандын борборуна келишимге каршы болгон бир нече миң киши чогулуп, нааразылыгын билдирди. Алар Өкмөт Үйүнө кирип барып, жыйындар залын талкалап салышты. Премьер-министр Никол Пашинян ал кезде имаратта жок болчу.

Оппозициялык бир катар партиялар келишимге каршы болуп, премьердин кызматтан кетишин талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG