Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:37

Бакен Кыдыкеева атындагы театр «Жат эмесмин» спектаклин коёт

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры 11-ноябрда күзгү тетралдык сезонун «Жат эмесмин» спектакли менен ачат.

Театр кабарлагандай, коронавирус пандемиясына байланыштуу спектаклди атайын чакырылган гана коноктор барып көрө алышат. 

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтогон, бирок 22-мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал режими уланууда.

14-сентябрдан баштап китепканалар, музейлер жана театрлар иштей баштаган, бирок аларга адамдарды кабыл алууга уруксат бериле элек. 

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкө аймагында 20 театр иштейт. 2019-жылы 1600 спектакль жана ар кандай оюн-зоок коюлган. (BTo)

XS
SM
MD
LG