Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

Адам укуктары боюнча бир айлык жарыяланды


Кыргызстандын Акыйкатчы институту 10-ноябрдан тартып адам укуктары боюнча бир айлык жарыялады.

Акыйкатчы институту билдиргендей, бир айлык калктын укуктук маалымат алышына көмөктөшүүгө багытталган. COVID-19 пандемиясына байланыштуу быйыл иш-чаралар көпчүлүк учурда онлайн режиминде өткөрүлөт.

Анын алкагында Евразия омбудсмендер альянсынын (ЕАО) чечимине ылайык, 10-декабрда, Евразия өлкөлөрүнүн бардык жогорку окуу жайларында жана мектептеринде 1941-1945-жылдардагы Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына арналган сабактар өтөт.

Санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен адам укуктары боюнча лекциялар жана сабактар ​уюштурулат, анда катышуучулардын саны чектелүү болот. Ошондой эле «Биз адам укуктарын билебиз» аттуу видеороликтер сынагы, аймактарда «Мен жана менин укуктарым» деген темада дилбаяндар сынагы болот. Жеңүүчүлөргө жана эң активдүү катышуучуларга сыйлыктар берилет.

Кыргыз өкмөтүнүн 2003-жылдын 10-декабрындагы токтому менен 10-декабрь Адам укуктарын коргоо күнү деп белгиленген. (NT)

XS
SM
MD
LG