Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Эрматбек Исмаилов Кара-Суунун акими болушуна каршы жарандар Ош облусунун жетекчилигине кайрылышты


Папан айыл өкмөтүнүн мурунку жетекчиси, Кара-Суу районуна аким болууга өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн Эрматбек Исмаилов.
Папан айыл өкмөтүнүн мурунку жетекчиси, Кара-Суу районуна аким болууга өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн Эрматбек Исмаилов.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекованын айтымында Кара-Суу районунунун жаңы акими тууралуу азырынча маалымат келип түшө элек.

Кадырбекова 11-октябрь күнү облустук администрацияга бир нече киши келип, Эрматбек Исмаилов аким болуп келе турган болсо, митингге чыга турганын айтып кайрылганын айтты:

«Исмаиловдун дайындалышы боюнча бизде маалымат жок. Бүгүн эрте менен үч киши келди. Жер саткан деп арыздарын жазып, «эгер ушул аким болуп келе турган болсо, анда биз көтөрүлүп чыгабыз. Бир айыл өкмөттү жеген киши райондун баарын жеп салбайбы, бул элдин үнү, эскертип коёлу» дешти».

Буга чейин «Азаттыктын» кабарчысына Эрматбек Исмаилов «аким болуп дайындалды» деген маалыматты төгүндөп, Бишкек шаарында жүргөнүн айткан.

Бүгүн «Клооп» басылмасына ал өз талапкерлигин көрсөткөнүн, эки-үч күндө маселе чечилип каларын айткан.

«Азыр чечиле элек. Бирок менин талапкерлигим көрсөтүлүп жатат. Талапкерлигимди өзүм сунуш кылдым», - деген Исмаилов.

Папан айыл өкмөтүнүн мурунку жетекчиси Эрматбек Исмаилов жерлерди мыйзамсыз сатууга байланыштуу айыпталып, ага 2018-жылы кылмыш иши козголгон. Бирок аткаминер ошо бойдон жазага тартылган эмес. «Шалаакылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазадан бошотулган.

Исмаилов төрт ирет айыл өкмөт болуп шайланып, 2019-жылы өз арызы менен иштен кеткен. Ага чейин Папан айыл өкмөтүнүн тургундары бир нече жолу ага жана ошол кездеги аким Тилек Матраимовго каршы митингге чыгып келишкен. (DU)

XS
SM
MD
LG