Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:47

«Караван» соода борборунун ижарачылары нааразылык билдиришти


«Караван» соода борборунун ижарачыларынын акциясы. 1-сентябрь, 2020-жыл. Бишкек.
«Караван» соода борборунун ижарачыларынын акциясы. 1-сентябрь, 2020-жыл. Бишкек.

Бишкектеги «Караван» соода борборунун ижарачылары бүгүн, 11-ноябрда парламент жана президенттик аппараттын имаратынын алдында кайрадан нааразылык акциясын өткөрүштү. Акцияда мурдагыдай эле «Каравандын» соода күркөлөрүн электрондук сатып алуу порталынан алып салуу тууралуу талаптар айтылды.

Акциянын катышуучулары президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровго кайрылып, «Караванды мыйзамсыздыктан сактаңыз», «Каравандан колуңду тарт!» деген сыяктуу жазууларды көтөрүп турушту.

Акцияга чыккандар соода борбордун электрондук сатык порталына чыкканы мыйзамсыз деп эсептешет. Алар жазында жана сентябрда да нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Сентябрдагы митинг учурунда «Мүлк» ишканасынын өкүлдөрү акциянын катышуучулары менен жолугушуп, «айтылган талаптар каралып чыгат» деп билдиришкен. «Караван» соода борборунун өкүлдөрү маселе чечилбегендиктен, кайрадан көчөгө чыгышканын айтып жатышат.

Аталган ишкана азырынча айтылган дооматтарга комментарий бере элек.

Бишкек шаарын 2008-2010-жылы башкарган мурдагы мэр Нариман Түлеевдин жакындарына таандык «Караван» соода борбору сот чечимине ылайык 2017-жылы Мамлекеттик мүлк фондунун карамагына өткөн. Кийинчерээк «Мүлк» мамлекеттик ишканасына берилген. Азыр соода борборунда 200дөн ашык күркө бар.

Бишкекте бүгүн «Караван» соода борборунун ижарачыларынын тышкары гепатитке чалдыккандар, гемодиализ алгандар, «Түндүкэлектр» ишканасынын, «Акнет» компаниясынын, «Кыргыз почтасы» мекемесинин кызматкерлеринин, «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун жетекчисине каршы чыккандардын акциялары болуп жалпысынан сегиз митинг болду.

Өкмөт Үйүнүн алдында «Айымдар кыймылы» аттуу коомдук бирикмеге мүчө болгон төрт аялдын Кыргызстандагы саясий окуяларга каршылык акциясы уланууда. Ачкачылык жарыялаган аялдар менен президенттик аппараттын өкүлдөрү жолугушуп, талаптарын укканы айтылды. (NT)

XS
SM
MD
LG