Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-ноябрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 23:58

Будапештте коронавируска байланыштуу университеттеги акция токтотулду


Будапешттеги акцияга чыккан студенттер.

Венгрияда Будапешт театр жана кино университетинин окутуучулары жана студенттери коронавируска байланыштуу нааразылык акциясын токтотушту. Алар премьер-министр Виктор Орбандын окуу жайынын башкаруу укугун чектеген чечимине каршылык иретинде 71 күндөн бери акцияларды уюштуруп келишкен.

Буга чейин Венгриянын өкмөтү 11-ноябрдан тартып коронавируска чалдыккандар көбөйгөндүктөн жарым-жартылай карантин киргизген. Бул өлкөдө 10-ноябрда жугуштуу илдеттен улам 103 адам каза болгону кабарланды. Жаңы чектөөлөргө ылайык, өлкөдө 19.00дөн 04.00гө чейин коменданттык саат киргизилип, мектептер жабылды.

Венгрияда өкмөттүн жогорку жайлары боюнча акыркы жылдардагы чечимдери нааразылык жаратып келет. Премьер-министр Виктор Орбандын оңчул-консервативдүү өкмөтү университеттерге камкорчулар кеңеши тарабынан башкаруу ыкмасын киргизген. Бул болсо өлкөдөгү окуу жайларынын көз карандылыгына алып келет деп окутуучулар жана студенттер нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

2019-жылы венгр өкмөтүнүн басымынан улам Жорж Сорос түптөгөн Борбор Европалык университет Венага көчүрүлгөн.

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG