Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Орусия «Спутник V» вакцинасы 90% натыйжа көрсөткөнүн жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы орусиялык «Спутник V» вакцинасынын натыйжалуулугу 92% түздү. Бул тууралуу вакцинаны өндүрүүнүн үстүнөн иштеп жаткан Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология изилдөө институту кабарлады. Андагы маалыматка караганда, сыноо тажрыйбасына катышкан 16 миңден ашык ыктыярчынын 92% бөлүгүнө вакцина натыйжалуулугун көрсөткөн.

Орус изилдөөчүлөрү америкалык «Pfizer» жана германиялык «BioNTech» компаниялары өз вакцинасынын натыйжалуулугу 90% ашканы жөнүндө жарыялаган соң ушундай билдирүү таратышты.

Гамалея институтунун директору Александр Гинцбург «Спутник V» вакцинасы менен учурда Орусиядагы коронавирус жугузуп алуу коркунучу жогору болгон дарыгерлер жана башка адамдар эмделип жатканын билдирген.

Бирок окумуштуулар бул вакцина боюнча сыноо аяктай элек учурда эле массалык түрдө эмдөө башталганына камтама болуп жатышат.

Орусия коронавируска каршы өз вакцинасын кеңири колдонууга чыгарган алгачкы өлкө болгон. Москва «Спутник V» вакцинасын август айында расмий каттоодон өткөрүп, кеңири сыноону баштаган.

Учурда дүйнө жүзү боюнча коронавирустун ондогон вакциналары сыноонун акыркы баскычына келгени кабарланууда.

XS
SM
MD
LG