Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:01

Адвокат: судья алмашкандыктан Кой-Таш иши сотто кайра каралат


Кой-Таш айылындагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы. 8-август, 2019-жыл.
Кой-Таш айылындагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы. 8-август, 2019-жыл.

Кой-Таш окуясы боюнча сотто Кундуз Жолдубаеваны, Канат Сагымбаевди жана Канат Осмоналиевди коргоп жаткан адвокат Бакытбек Автандил уулу иш сотто кайра башынан териштириле турганын айтты. Ал буга ишти караган судья алмашканы себеп болгонун жана Жазык-процессуалдык кодекстин талабы ушундай экенин билдирди.

«Прокурорлор 500 беттен турган айыптоо актысын кайра башынан окуп чыгышы керек. Аны буга чейин прокурорлор үч ай окушкан. Айыптоо актысын толугу менен окуп чыкпаса жаңы судья ишти карап жатканда ага шилтеме бере албай калат», - деди жактоочу.

Кой-Таш окуясы боюнча 11-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Ирина Карамушкинанын адвокаты судья Марат Сыдыковду ишти кароодон четтетүү тууралуу өтүнүч келтирген. Сыдыков бул өтүнүчтү канааттандырып, чечимди соттун төрагасына жөнөтөрүн айткан.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашуун адам жабыркаган.

Бул иш боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн. Аларга Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук», «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Барымтага алуу» беренелери менен кине коюлган.

Алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина жана Атамбаевдин тарапкерлери бар.

Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат. Азыр күбөлөр суралууда. 250дөй күбөнүн 11и суралып бүттү.

Ал эми тергөө менен кызматташканы үчүн калган беш кишинин иши өзүнчө каралары айтылган. Алар алгач кармалып, кийин коё берилген, айрымдары тергөө менен кызматташуудан кайра баш тартууда.

Батукаевдин иши боюнча мурдагы президент Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган. Ал Бишкектеги №47 колонияда кармалууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG