Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:08

Ошто тогуз айда жол кырсыгынан 107 киши каза болду


Ош шаары. Инспектор айдоочуга жол коопсуздугу жөнүндө маалымат берүүдө. 2020-жыл, 12-ноябрь.
Ош шаары. Инспектор айдоочуга жол коопсуздугу жөнүндө маалымат берүүдө. 2020-жыл, 12-ноябрь.

Ош облусунун аймагында 2020-жылдын тогуз айында 522 жол кырсыгы катталып, 107 жаран каза болгон. Миңге жакын киши ар кандай оор жаракат алган. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, Ош аймагында жол кырсыктарынын алдын алыш үчүн Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы (ЖКККБ) туристтик милиция бөлүмү менен чогуу иш алып барууда. Алар айдоочуларга жол коопсуздугу жөнүндө баракчаларды таратып, негизги эрежелерди эскертип жатышат.

Расмий статистика боюнча 2020-жылдын тогуз айында Кыргызстанда 4184 жол кырсыгы катталып, 6271 адам ар кандай жаракат алса, 496 адам каза болгон. Көз жумгандардын 59у балдар. Бул кандуу көрсөткүчтөргө соңку эки айдагы адам өлүмү менен коштолгон жолдогу авариялар кошула элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG