Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:19

Ош шаарынын тургуну мэриянын алдында ачкачылык акциясын баштады


Ачкачылык жарыялап, Ош мэриясынын имаратына түнөп калган Кундуз Усупбаева.
Ачкачылык жарыялап, Ош мэриясынын имаратына түнөп калган Кундуз Усупбаева.

Ош шаарынын тургуну Кундуз Усупбаева сиңдисин 6-октябрга караган түнү автоунаа сүзүп кеткенин айтып, иш калыс тергелбей жатканына нааразы. Анын айтымында, бир тууганын ошол күнү кабыл алган травматолог Максат Келдибаев аны дарылабай туруп үйүнө чыгарып жиберген.

Ушундан улам ал ачкачылык жарыялаганын айтып мэриянын алдына плакат менен чыкты. Ал бул ишти УКМК жана ИИМдин башчылары жана саламаттык сактоо министри көзөмөлгө алышын суранууда.

Усупбаева «ишти карабаган тергөөчү Илим Гуламов жабыркаган тараптан кабар алган эмес» деп билдирди. Анын пикиринде, дарыгерлер менен милиционерлер биригип алып «кылмыш жасаган айдоочуну жоопкерчиликтен алып качууга» аракет кылып жатышат.

«Сиңдимдин омурткасы сынды, оң буту операция болду, сол буту жакында операция болот, башын дарылашты. Ошого карабастан экспертизадан ал жеңил жараат алган деп чыгарышыптыр. Дарыгерлер оорунун таржымалын оңдошту. Бизде далилдер бар», - деди ал.

Ачкачылык жарыялаган жаран акциясын «өлгөнгө чейин улантарын» эскертип, белгисиз бирөөлөрдөн коркутуу болуп жатканын айтты жана алар айдоочу жана дарыгер тараптан болушу ыктымал экенин билдирүүдө.

Акцияга чыккан тургун тергөөчү менен медиктердин үстүнөн прокуратурага арыз жазып, тергөөчүнү алмаштырган.

Айыптоого кабылган тарап азырынча окуя тууралуу өз пикирин билдире элек. (DU)

XS
SM
MD
LG