Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

ИИМдин кызматкери пара алуу боюнча шектүү катары кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери («З.Ж.А.») 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, кармалган адам арыз ээсине карата сотко чейинки процессте жоопко тартылбаганы үчүн 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгүндө («Пара талап кылуу») каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иликтөө уланууда.

Милиция кызматкерин кармоого байланыштуу ыкчам издөө иштерин УКМК Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматы менен бирге жүргүздү. (ErN)

XS
SM
MD
LG