Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

ДССУ: дүйнөдө кызамык менен ооругандар кескин көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун маалыматына ылайык, 2019-жылы дүйнөдө кызамык менен ооругандар кескин көбөйдү. 12-ноябрда жарыяланган иликтөөгө караганда, 2019-жылы 870 миңдей адам кызамыкка чалдыккан. Бул 1996-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч.

Ошондой эле бул оорудан былтыр 207 миңден көп адам каза болгон. Бул төрт жыл мурункуга караганда 50% көп дегенди билдирет.

2019-жылы тогуз мамлекетте, анын ичинде Грузияда, Казакстанда, Түндүк Македонияда жана Украинада кызамык катуу жайылды.

Саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү буга балдардын өз учурунда кызамыкка каршы эки дозадан турган вакцина менен эмделбегени себеп болгонун айтышат.

Алар белгилегендей, кызамыктын жайылышынын алдын алыш үчүн өлкө калкынын 95% эмделиши зарыл.

ДССУнун өкүлдөрү 2020-2021 жылдары COVID-19 пандемиясынан улам кызамык дагы өрчүшү мүмкүн деп тынчсызданышууда. Пандемиядан улам 26 мамлекетте 94 миллиондой адам эмделбей калган. Ошондой эле айрым өлкөлөрдө вакцинадан баш тарткандардын көбөйүшү да кыйынчылык жаратканы иликтөөдө белгиленет.

Кээ бир мамлекеттерде кызамыкка жана кызылчага каршы вакцина аутизмге алып келет деген имиштерден улам эмдөөгө каршы акциялар өткөн. Бирок бул сөздөр четке кагылган. Уюмдун маалыматына караганда 2000-жылдан бери кызамыкка каршы вакцина жер жүзүндө 25,5 миллион адамдын өмүрүн сактап калды.

Кызамык - негизинен беш жашка чейинки балдарда аныкталчу жугуштуу оору.

XS
SM
MD
LG