Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 22:31

Президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга дагы үч адам арыз берди


Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 13-ноябрда Анар Зарипова, Куттумидин Базаркулов жана Бакыт Романов арыз берди. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалды.

Мурдараак президенттикке талапкер болуш үчүн Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асанов, Бакыт Бакетаев, Канатбек Исаев, Абыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев, Жеңишбек Байкуттиев, Клара Сооронкулова, Аймен Касенов, Азамат Эсенбеков, Кубанычбек Кадыров, Асланбек Малиев, Садык Шер-Нияз, Үрүстөм Кабылбеков, Илгиз Товкеев , Бактыбек Калмаматов, Жамбыл Камчиев, Мыктыбек Арстанбек, Токтайым Уметалиева жана Элеонора Турдубекова БШКга расмий арыз тапшырышкан. Бакыт Бакетаев арызын кайра кайтарып алган. Ошондо 13-ноябрь түштөн кийинкиге карата 27 киши болду.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын бурмаланган жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, ал окуя бийликтин алмашуусуна алып келген. Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда президенттик кызматын тапшырып берген. Азыр президенттин милдетин элдик толкундоо убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган жана кийин Жогорку Кеңеш премьер-министр кылып шайлаган Садыр Жапаров аткарып жатат.

Жапаров президенттик шайлоого катышарын 26-октябрда жарыялаган. Ал азырынча БШКга арыз бере элек.

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, президенттик кызматка талапкерлигин көрсөткөн адамдар 14-ноябрга чейин (ошол күндү кошуп эсептегенде) БШКга арыз бериши керек.

БШК мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG