Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Өкмөт кен иштетүүгө жаңы лицензия берүүнү убактылуу токтотту


Иллюстрациялык сүрөт. Чаткал. Терек-Сай кени.
Иллюстрациялык сүрөт. Чаткал. Терек-Сай кени.

Кыргызстанда алтын, күмүш жана жез кендеринде чалгындоо иштерин жүргүзүүгө лицензия берүү убактылуу токтотулду. Убактылуу мораторий киргизүү тууралуу буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгонун 13-ноябрда “Азаттык” радиосуна өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Бул буйруктун мурда берилген лицензиялардын мөөнөтүн узартууга тиешеси болбой турганы айтылды.

Кыргызстанда баалуу металлдарды чалгындоого жана иштетүүгө 593 лицензия берилген. Анын ичинен кенди казып иштетүүгө 104 лицензия туура келет. Калгандары чалгындоо иштерин жүргүзүүгө берилген. Мунун ичинен 39 компания алтын өндүрөрү белгиленсе, азыркы учурда он чактысы иш алып барат. Алардын ичинде «Кумтөр Голд» компаниясы да бар.(RK)

XS
SM
MD
LG