Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:57

Баткенде быйыл күздүк эгин эки миң гектарга көп себилүүдө


Баткен. Иллюстрациялык сүрөт.
Баткен. Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусунда былтыркы жылга салыштырганда быйыл күздүк эгин эки миң гектарга көп себилүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» облустук бийликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Келерки жылдын түшүмү үчүн 6991 гектарга күздүк эгүү пландаштырылып, бүгүнкү күндө жумуш 60% аткарылды. Анын ичинен 3977 гектарга буудай, 143 гектарга арпа себилди.

Пандемияга байланыштуу облуста азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында айдоо аянттарын көбөйтүү аракеттеринен улам жалпы айдоо аянты 2019-жылга салыштырганда эки миң гектарга көбөйтүлдү. Былтыр дан эгиндери беш миң гектарга айдалган.

Баткен облусу - борбор шаардан эң алыс, мамлекеттик чек ара тилкесине жакын жайгашкан аймак. Коңшу мамлекеттер менен чек ара маселеси толук чечиле элек болгондуктан бул жерде жер-суу талаштары көп болот. (JsA)

XS
SM
MD
LG