Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга жалпысынан 35 киши арыз берди


Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК).
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК).

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 13-ноябрь түштөн кийин Турсунбек Жумабеков, Имамидин Ташов, Ербол Токтогулов, Карагач Исмаилова, Марат Кайыпов, Турсунбай Бакир уулу жана Курсан Асанов арыз берди. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалды.

Бул күнү түшкө чейин талапкерликке Анар Зарипова, Куттумидин Базаркулов жана Бакыт Романов арызын тапшырган.

Мурдараак президенттикке талапкер болуш үчүн Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асанов, Бакыт Бакетаев, Канатбек Исаев, Абыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев, Жеңишбек Байкуттиев, Клара Сооронкулова, Аймен Касенов, Азамат Эсенбеков, Кубанычбек Кадыров, Элеонора Турдубекова, Садык Шер-Нияз, Үрүстөм Кабылбеков, Илгиз Товкеев, Бактыбек Калмаматов, Жамбыл Камчиев, Мыктыбек Арстанбек, Токтайым Уметалиева, Асланбек Малиев жана Медер Болгомбаев БШКга расмий арыз тапшырышкан. Бакыт Бакетаев арызын кайра кайтарып алган. Ошондо 13-ноябрь кечкиге карата шайлоого катышуу ниетин билдиргендер 35 болду.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын бурмаланган жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, ал окуя бийликтин алмашуусуна алып келген. Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда президенттик кызматын тапшырып берген. Азыр президенттин милдетин элдик толкундоо убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган жана кийин Жогорку Кеңеш премьер-министр кылып шайлаган Садыр Жапаров аткарып жатат.

Жапаров президенттик шайлоого катышарын 26-октябрда жарыялаган. Ал азырынча БШКга арыз бере элек.

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, президенттик кызматка талапкерлигин көрсөткөн адамдар 14-ноябрга чейин (ошол күндү кошуп эсептегенде) БШКга арыз бериши керек.

БШК мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген. (ErN)

XS
SM
MD
LG