Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:39

Армен Жигарханян дүйнө салды


Армен Жигарханян Сократтын ролун аткарууда. Вл.Маяковский атындагы театрдын оюну.
Армен Жигарханян Сократтын ролун аткарууда. Вл.Маяковский атындагы театрдын оюну.

Мурдагы совет өлкөсүндө сүймөнчүккө ээ болгон театр жана кино өнөрпозу Армен Жигарханян 14-ноябрда таңга маал 86 жашында Москва шаарында дүйнөдөн кайтты.

Бул суук кабарды ал өзү 1996-жылдан бери жетектеп келген жана Армен Жигарханяндын жетекчилиги астындагы Москва драма театры деп аталган театрдан тастыкташты.

СССРдин эл артисти, актёр жана режиссёр Армен Жигарханяндын теги - тифлисстик армяндардан болот. Ал 1935-жылы 3-октябрда Ереван шаарында туулган.

Ал 250дөн ашуун кинотасмада тартылганы айтылып келет. Арасында "Кармалбас өч алуучулар", "Жолугушуу жайын өзгөртүүгө болбойт", ж.б. даңазалуу тасмалар бар.

Орусиянын театр өнөрүнө да ал актёр жана режиссёр катары көөнөргүс салым кошту.

А.Жигарханян 2001-жылы коомчулук өкүлдөрүнүн НТВ сыналгы каналын коргоого алган катына кол койгондордун бири болгон. 2012-жылы ал Орусиядагы президенттик шайлоодо талапкер Владимир Путиндин ишенимдүү өкүлү болгон. Ал эми 2014-жылы Крым боюнча В.Путиндин турумун колдоого алган петицияга кол койбой койгон.

Ал Орусиянын "Ата мекенге сиңирген эмгеги үчүн" орденинин II, III, IV даражаларын алган. Ага Армениянын "Ардак" ордени ыйгарылган жана Еревандын ардактуу жараны наамы берилген. Ага кино жана театр өнөрүндөгү салымдары үчүн бир катар эл аралык сыйлыктар ыйгарылган.

XS
SM
MD
LG