Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:16

Чукул билдирүү: Көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чукул билдирүү: Кыргызстанда 14-16-ноябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт. Көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет. Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда мал кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;

Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…-8 градус болот.

Бишкекте 15-ноябрда түнкүсүн кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-ноябрда 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 1…3 градус болот.

XS
SM
MD
LG