Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:40

Артем Новиков премьер-министрдин милдетин аткарат


Артем Новиков.
Артем Новиков.

Президенттик шайлоонун жыйынтыктары аныкталганга чейин премьер-министрдин кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду. Тиешелүү буйрукка 15-ноябрда премьер-министр Садыр Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ушул эле буйрукка ылайык, шайлоо мезгилинде премьер-министрдин милдеттерин аткаруу мыйзам боюнча биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковго жүктөлдү.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын бурмаланган жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, ал окуя бийликтин алмашуусуна алып келген.

6-октябрга караган түнү элдик толкундоо убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров 14-октябрда премьер-министр болуп дайындалган. Жапаровдун тарапташтарынын талабы менен Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда президенттик кызматын тапшырып берген.

Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Канатбек Исаев президенттин милдетин убактылуу аткаруудан баш тартып, 16-октябрда бул иш Жапаровго жүктөлгөн.

Садыр Жапаров келерки жылдын 10-январына белгилеген мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого катышуу үчүн 14-ноябрда кызматын тапшырды. Ошол күндөн баштап парламент спикери Талант Мамытов президенттин милдетин аткарып баштады.

БШК мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген. Шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 63 адам документ тапшырды. (BTo)

XS
SM
MD
LG