Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 01:21

Садыр Жапаровдун өкүлү БШКга арызды кайра тапшыруу боюнча түшүндүрмө берди


Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берген учур. 14-ноябрь, 2020-жыл.

Садыр Жапаровдун Борбордук шайлоо комиссиясындагы (БШК) ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин 15-ноябрда БШКга мурда тапшырган документтерин кайтарып алып кайра арыз тапшырганы тууралуу түшүндүрмө берди. Анын билдирүүсүн президенттин басма сөз кызматы таратты.

Маалыматка караганда, Жапаров президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн Боршайкомго 14-ноябрда эртең менен документтерин толук тапшырган эмес.

Ал президенттин жана премьер-министрдин ыйгарым укуктарын токтотууга жана өткөрүп берүү боюнча иштерден бошобой калгандыктан, анын өкүлү түштөн кийин ишеним кат боюнча БШКга кошумча документтерди (арызга тиркемелер) алып барып берген.

«Мыйзамга ылайык, ишеним кат боюнча өкүл талапкердин документтерин БШКга эки учурда гана тапшыра алат. Эгерде талапкер ооруп калса же талапкер тергөө абагында болсо. Ошондуктан кетирилген калпыстыктарды оңдоо үчүн буга чейин тапшырылган документтерди чакыртып алып, кечинде Садыр Жапаров өзү президенттин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөтүү максатында документтеринин толук топтомун БШКга тапшырды», - деп айтылат президенттик аппарат тараткан маалыматта.

БШК 14-ноябрь, саат 23:59дө президенттик шайлоого катыша тургандардын арыз алууну токтоткон.

Боршайкомдун расмий сайтына Жапаров мурдагы берген арызын кайтарып алып кайра тапшырганы тууралуу маалымат 14-ноябрда, кечки саат 12ден өткөндөн кийин чыкты. Жапаровдун өкүлү документ Боршайкомго экинчи жолу саат канчада тапшырылганын тактаган жок.

Мыйзам боюнча президенттин милдетин аткаруучу талапкер болуп шайлоого катыша албайт. Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу кызматын өткөрүп бергенин 14-ноябрда саат 21:00дө жарыялаган.

БШК Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген. Шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 63 адам документ берди. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (19)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG