Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Боснияда жергиликтүү шайлоолор өтүүдө


КОВИД-19 кырдаалындагы шайлоо. Баня-Лука шаары. 15.11.2020.
КОВИД-19 кырдаалындагы шайлоо. Баня-Лука шаары. 15.11.2020.

Балкан жарым аралындагы көп этностуу Босния-Герцеговина өлкөсүндө 15-ноябрда жергиликтүү шайлоо өткөрүлүүдө.

Болжол менен 3 миллион 400 миңдей шайлоочу өлкөдөгү шаарлар менен жергиликтүү аймактардын кеңештерин жана шаар башчыларын аныктоого катыша алат.

Жергиликтүү шайоого катышууга өлкөдөгү 129 партия, 262 көз карандысыз депутаттыкка талапкер, 72 коалиция, көз карандысыз талапкерлердин 9 тизмеси, этностук азчылыктардын атынан 71 талапкер расмий катталган.

Коронавирус илдетинен улам, добуш берүү маалында аралыкты сактоо, беткап тагынуу сыяктуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Ал эми КОВИД-19 илдетинин айынан обочодо калгандардын добуш берүүгө катышуусун камсыздоо үчүн аларга БШКнын атайын көчмө шайлоо топтору жөнөтүлүүдө.

Босниядагы жергиликтүү шайлоолор алгач 4-октябрга белгиленген. Бирок өкмөт бюджетти бекитүүдө жана шайлоо үчүн каражат табууда маалкатууга барып, мындан улам шайлоо мөөнөтү кечеңдетилген болчу.

Өлкө түштүгүндөгү этностук жактан жиктелген Мостар шаарында жергиликтүү шайлоо 20-декабрда өткөрүлө турган болду.

XS
SM
MD
LG