Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 08:56

Отунбаева: Саясий негизде камалгандардын баарынын иши калыс каралышы керек


Экс-президент Роза Отунбаева.

Экс-президент Роза Отунбаева мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин тушунда саясий буюртма менен камалган жана соттолгон саясатчылардын баарынын ишин сотто кайрадан калыс карап чыгууга чакырды. Бул тууралуу пикирин ал 15-ноябрда «АКИpress» маалымат агенттиги менен болгон маегинде билдирди.

Отунбаева 5-6-октябрдагы өлкөдө болгон окуяларга комментарий берип жатып, анын бир нече себеби болгонун, анын ичинде саясий негизде камалгандар көбөйүп кеткенин да белгиледи.

«Мурдараак «New York Times» басылмасы «Жапаров түрмөдөн чыгары менен дароо премьер-министр болуп калды» деп жазганын билесиздер да. Бул фраза дүйнөгө тарап кетти. Кыргызстан дагы бир жолу үрөй учурган саясий парадокстор менен таанылды. Муну кандай түшүнсө болот? Атамбаев соттогон ондогон адамдар бар. Алардын бардыгы акталган эмес. Жапаров, Ташиев, Мамытов бийликке карай жолдо сот менен эсебин чагылгандай ылдам чечип алды, аларга карата бардык соттук чечимдер жокко чыкты. Бирок ушундай эле абалдагы Текебаев, Чотонов, Салянова, Сарыгулов, Асанов, Султанов, Талгарбеков, Кадыров, Калматов ошол боюнча эле калды. Алардын соту жабык өткөн. Айыптоолор токулган, саясий жүйө менен, керек болсо негизсиз десе да болот. Эгер биринчи үчилтик бийик кеңселердеги башкы кызматтарга жете алса, анда бул жарандарыбыздын баарынын ишин тез арада ачык жана калыс каралышын камсыз кылып бергиле. Акыйкат аларга да жетиш керек! Жаңы бийлик убада берген жеке өч алуудан кол үзүү так ушундай болушу керек»,- деди ал.

27-октябрда «Саясий туткундарды коргоо комитети» 14-ноябрда президенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын тапшырган жана ага чейин президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровго кайрылып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда анын режимине каршы чыгып, соттолгон саясатчылардын ишин кайра кароого чакырышкан. Комитеттин өкүлдөрү «саясий өңүттө соттолгон Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Мелис Аспеков, Мелис Мырзакматов жана башка адамдар шашылыш акталып, Дастан Сарыгулов, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Бекболот Талгарбеков ж.б Атамбаевдин репрессиясынан жабыр тарткан адамдардын иштери сотто каралбай, акталбай жаткандыгы соттук иштер дагы эле буюртма жана тандалма болуп жатканын билдиребиз!» деген кайрылуу тараткан.

Саясий туткундарды коргоо комитетинин эсебинде, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда 30дай саясатчы саясий буюртма менен камалган. Кийин Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайлангандан кийин алардын бир тобу акталган же иштери кайра кароого жиберилген. Ошол эле учурда Жээнбековдун тушунда мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев, экс-премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, экс-мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов, экс-депутат Равшан Жээнбеков баштаган бир топ саясатчылар камалган.

6-октябрдагы башаламандык учурунда абактан чыгып кеткен он чакты саясатчынын көбү кайра кармалды, айрымдары өздөрү абакка кайтты. Ибраимов менен Исаков дайынсыз болуп жатса, Равшан Жээнбеков үй камагына чыкты.

Октябрдын аягында Жогорку сот өкмөт башчы Садыр Жапаровду, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевди, спикер Талант Мамытовду жана Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовду толук актаган.

Президенттин милдетин аткаруучу болуп турган учурда жасаган билдирүүлөрүндө премьер-министр Садыр Жапаров бул саясатчылардын иштери калыс караларына сөз берип, мындан ары саясий куугунтук болбой турганын айткан. Ал 14-ноябрда президенттик милдетти тапшырып, өкмөт башчы кызматын убактылуу токтотуп, президенттик шайлоого аттанды. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (10)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG