Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

COVID-19: Дагы төрт киши каза болду, 479 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 16-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен төрт киши каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкек шаарынын, экөө Талас облусунун тургуну болчу.

Жалпысынан көз жумгандардын саны 1203 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 479 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында.

Оору жуккандардын жалпы саны 66 983 кишиге жетти.

Бир күндө 439 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3279 адам жатат, дагы 4043 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3735 адамга жетти, алардын 3499у айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору 20 дарыгерден табылды.

Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталды. (RK)

XS
SM
MD
LG