Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:32

Кыргызстанда дагы 22 медкызматкерден коронавирус табылды


Дарыгер бейтапты кабыл алып жатат. Кыргызстан. Август айы.
Дарыгер бейтапты кабыл алып жатат. Кыргызстан. Август айы.

Кыргызстанда соңку бир күндүн ичинде дагы 22 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Алардын ичинен беш медкызматкерге вирус кызыл зонада жуккан:

  • Баткен облусунда – 4 (экөө кызыл зонада);
  • Бишкек шаарында – 3 (экөө кызыл зонада);
  • Чүй облусунда – 5 (бирөө кызыл зонада);
  • Ош облусунда – 1;
  • Жалал-Абад облусунда – 1;
  • Талас облусунда – 2;
  • Ысык-Көл облусунда – 6.

Ал эми бир суткада жети медкызматкер үй карантинден айыгып чыкты.

Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3 715 учур катталды, алардын ичинен 3 490 дарыгер сакайды.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, Кыргызстанда март айынан бери коронавирустан көз жумгандардын саны 1 199 кишиге жетти. Оору жуккандардын жалпы саны 66 504, илдеттен 57 321 адам айыкты. (BTo)

XS
SM
MD
LG