Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:44

Кара-Сууда акимдин орду талашка түштү


Кара-Суу районунда жайгашкан «Туратали» базарынын кире бериши.
Кара-Суу районунда жайгашкан «Туратали» базарынын кире бериши.

Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Эрматбек Исмаилов Кара-Сууга аким болуу ниетин билдирди. Исмаилов төрт ирет айыл өкмөт башчысы болуп шайланып, 2019-жылы өз арызы менен иштен кеткен. 

Ал арада Эрматбек Исмаиловдун аким болушуна каршы чыккандар менен аны колдогондор удаа облустук администрацияга кайрылышты.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү бир жумадан бери «Кара-Суу районунун акими болуп Эрматбек Исмаилов келиши мүмкүн» деген сөздөрдү төгүндөп келет. Ага карабай «Исмаилов аким болот» деген маалыматтар Интернет булактарына байма-бай жарыяланып, коомдук тармактарда кызуу талкууга алынууда.

Ал арада Оштогу облустук администрациянын имаратына 11-октябрь күнү бир нече киши келип, Эрматбек Исмаилов аким болуп келе турган болсо, каршылык билдирип митингге чыга турганын айтып кайрылышкан.

Нуркыз Кадырбекова.
Нуркыз Кадырбекова.

«Эрматбек Исмаиловдун аким болору өткөн жумадан бери айтылып жатат. Расмий маалымат боюнча Кара-Суунун жаңы дайындалган акими жок. Бирок дайындалышы керек. «Өзүн көрсөткөн, эл тарабынан сунушталган талапкерлер бар» деп аппараттан айтышты. Бирок кимдер бар экенин мен билбейм. Кечээ үч-төрт аксакал келип, өздөрүнүн нааразылыгын билдирип, «эгерде Исмаилов аким болуп келе турган болсо, бензин куюп Кара-Суунун акимчилигин өрттөп жиберем» деп кыйкырып жатты. Анан киргизип түшүндүрүп, «биз чечпейбиз. Ал сөзсүз өкмөттөн каралат. Бул нерсе калыс болот» деп кетиришти», -​ деди облустук администрациянын басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова.

Буга удаа эле 12-октябрь күнү 50дөй киши өкмөттүн өкүлчүлүгүнө Эрматбек Исмаиловду аким болуп дайындалышын «суранып» келди. Алар менен өкмөт өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев жолугуп, алардын сөзүн жогорку бийлик өкүлдөрүнө жеткире турганын айтты.

Эрматбек Исмаиловду аким болуп дайындалышын суранып келгендер. 12-ноябрь, Ош облустук администрациясы.
Эрматбек Исмаиловду аким болуп дайындалышын суранып келгендер. 12-ноябрь, Ош облустук администрациясы.

Исмаиловдун аким болушун кубаттап келгендердин бири Арстанбек Абдышов Кара-Суу районунун ар кайсы айыл өкмөттөрүнөн 100гө чукул киши келгенин айтууда:

«Жалпы Кара-Суу районунда 16 айыл өкмөт бар. Ошол айыл өкмөттөрдөн азыр гана тез аранын ичинде келе калган адамдар. Биз өзүбүз эле келдик. «YouTube» аркылуу көрүп жатабыз. Каршы болгондор Бишкекке чейин барып жатышат. Биз эми чындыкты эле талап кылып келдик».

Соңку кырдаал боюнча Исмаилов комментарий берүүдөн баш тартты. Бирок 9-ноябрь күнү ал «Азаттыктын» кабарчысына «маселе чечиле элек» деп билдирген эле:

Эрматбек Исмаилов.
Эрматбек Исмаилов.

«Жок, ал («аким болду») деген ушак. Ошондой чыгарып жиберишиптир. Сөздөр болуп жатат. Бирок азырынча чечиле элек. Азыр белгисиз. Кокус дайындалып калсам, мен өзүм айтам».

11-ноябрда Исмаилов «Клооп» басылмасына өз талапкерлигин көрсөткөнүн, маселе эки-үч күндө бир жаңсыл болорун айткан.

«Шайлоодо «Мекеним Кыргызстандан» акча таратып жүргөн»

Буга чейин жергиликтүү тургундардын кызыкчылыгын коргоп, Папан айыл өкмөтүнүн мурунку жетекчиси менен соттошуп келген жактоочу Айсалкын Карабаева «Азаттыкка» Исмаиловдун мыйзамсыз иштери үч жолу сотко чейин жеткенин айтып, аны Матраимовдордун үй-бүлөсү калкалагандыгы үчүн жазаланбай калганын билдирди:

Айсалкын Карабаева.
Айсалкын Карабаева.

«Прокуратура тарабынан алардын жасаган аракеттерине юридикалык баа берилип, толук айыптары көрсөтүлгөн. Бирок, Тилек, Райымбек Матраимовдордун күчү менен, баягы эле коррупциялык жол менен, акча берүү менен соттор атайылап процессти узартып, эскирүү мөөнөтү менен кыскартып жатат. Бул анын күнөөсү, айыбы жок дегендик эмес. Ошол жасалган кылмыштын мөөнөтү эскирип калды деген шылтоо менен мунун акчасын алган соттор ишти кыскартып жатат».

Ош облустук сотунун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Эрматбек Исмаилов жерлерди мыйзамсыз сатууга байланыштуу айыпталып, ага 2018-жылы кылмыш иши козголгон. Бирок аткаминер ошо бойдон жазага тартылган эмес. «Шалаакылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазадан бошотулган.

Карабаева Эрматбек Исмаилов шайлоо учурунда Матраимовдордун жек-жааттарынан куралган «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуштарды ачык эле сатып алып жүргөнүн кошумчалады:

«Шайлоо учурунда эле, «Мекеним Кыргызстандан» ачык эле, эч кимден уялбастан, тартынбастан эле акча таратып, Кара-Суу районунда ар бир участокто Эрматбек Исмаилов партиянын «капчыгы» болуп, ачыктан-ачык акча таратып жүрдү».

Бирок буга чейин «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын өкүлү Канатбек Азиз бул маалыматты четке каккан болчу. Анын айтымында, добуш сатып алуу үчүн шектүү катары кармалган жарандын тек-жайын тактаганда анын «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тиешелүү шайлоо штабында үгүтчү болуп иштегени аныкталган эмес.

Ош облустук ички иштер башкармалыгына 4-октябрдагы парламенттик шайлоо алдындагы мыйзамсыз иштер боюнча жалпысынан 13 кайрылуу келип түшкөн. Алардын экөө добуш сатып алуу боюнча катталып, эки учур тең Кара-Суу районунда болгон.

«113 миң сом Кара-Суу районунда "Бажы кызматында иштейт" деп, Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл өкмөтүнөн 90 миң сом менен кармалган. Бүгүнкү күндө тергөө иштери бүтө элек. Эки факты да тең «Мекеним Кыргызстан» партиясынын кишилери болгон», — деди Ош облустук милициясынын басма сз катчысы Жеңишбек Аширбаев.

«Шайлоого карата даярдык»

«Интербилим» коомдук бирикмесинин Оштогу өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева Эрматбек Исмаиловдун аким болуу ниетин шайлоого байланыштырды. Эгер ал Кара-Суу районун жетектеп калса, президенттик шайлоодо добуш алып берет деген пикирде.

Гүлгаакы Мамасалиева.
Гүлгаакы Мамасалиева.

«Биз байкагандай, жаңы келген бийлик шайлоо өткөрүүгө байланышкан ар кандай аракеттерге барып жатат. Райымбек Матраимовду деле коё берип жиберишпедиби. Ал деле шайлоодо жардам бериши мүмкүн. Азыр Садыр Жапаровдун айрыкча Ош шаарында бийлиги жакшы эмес. Жалал-Абадда Камчыбек Ташиев жардам берет. Ошондуктан алар мурун башка партияга күч, уюшкан кылмыш топтору, акча менен добуш алып берген кишилерди өздөрүнө тартууга аракет кылууда», - деди ал.

Эрматбек Исмаилов төрт ирет Папан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланып, 2019-жылы өз арызы менен иштен кеткен. Ага чейин Папан айыл өкмөтүнүн тургундары бир нече жолу ага жана ошол кездеги аким Тилек Матраимовго каршы митингге чыгып келишкен.

5-октябрдагы элдик толкундоодон кийин Ош облусунда Кара-Кулжа районунун жана Өзгөн районунун акимдери алмашкан. Кара-Суу районун сегиз жыл башкарып келген Тилек Матраимов болсо 16-октябрда иштен бошотулган.

XS
SM
MD
LG