Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:31

Онколог-дарыгер Дамира Байзакова коронавирустан кайтыш болду


Дамира Байзакова.
Дамира Байзакова.

Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгери Дамира Байзакова коронавирустан кайтыш болду. Бул маалыматты «Азаттыкка» мекеменин жетекчиси Эрнис Тилеков тастыктады. Анын айтымында, Байзакова коронавирус жугузуп алып, Республикалык инфекциялык ооруканада дарыланып жаткан. Пневмониянын оор түрүнө чалдыккан дарыгер 16-ноябрга караган түнү көз жумду.

62 жаштагы Дамира Байзакова мурда бир нече жыл балдар онкологиясы бөлүмүн жетектеген.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, Кыргызстанда пневмонияны козгой турган бул вирус жуккандарын жалпы саны 66 983 кишиге жетти, алардын 3735и дарыгерлер. Соңку күндө бул оору 20 дарыгерден табылды. (RK)

XS
SM
MD
LG