Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:29

Журналист Бапиге коюлган доо алынды


Эрмурат Бапи (оңдо) Алматы шаарынын район аралык адистешкен администрациялык сотунун кеңсесинде. 2020-жылдын 16-ноябры.
Эрмурат Бапи (оңдо) Алматы шаарынын район аралык адистешкен администрациялык сотунун кеңсесинде. 2020-жылдын 16-ноябры.

Казакстандын бийлиги белгилүү эркин журналист Эрмурат Бапиге «коомдук жыйындар тууралуу мыйзамды одоно бузган» деп коюлган доону эч кандай түшүндүрмөсү жок эле алып таштады.

16-ноябрда Алматы шаарынын район аралык адистешкен администрациялык соту ишти кыскартып койгонун Бапи кабарчыларга маалымдады. «Сот өкүлдөрү бул кыскартуунун себеби тууралуу эч түшүндүрмө берген жок», - деди Бапи.

Бүгүн ал Алматы шаардык адистешкен администрациялык сотуна чакырылган болчу.

Бапи 14-ноябрда таңга маал Алматы шаарында кармалып, бир нече сааттан кийин коё берилген. Ал полицияда отурган учурда шаарда оппозициялык топ нааразылык жыйынын өткөргөн болчу. Бапиге, анын айтымында, жакынкы күндөрдөгү жаназага онлайн катышкандыгы үчүн коомдук жыйындар тууралуу мыйзамды одоно бузган деген доо коюлган эле.

Алматы шаардык полициясы Эрмурат Бапинин ишине байланыштуу «Азаттыктын» казак кызматына комментарий берген жок.

XS
SM
MD
LG