Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:52

Алматыда нааразылык жыйыны өттү



Алматыдагы нааразылык жыйынындагы плакаттарда "Саясий туткундарга эркиндик", "Арон Атабек менен Макс Бокаевге боштондук", "Жер энебиз сатылбасын!" деген сыяктуу ураандар болду. 2020-жылдын 14-ноябры.
Алматыдагы нааразылык жыйынындагы плакаттарда "Саясий туткундарга эркиндик", "Арон Атабек менен Макс Бокаевге боштондук", "Жер энебиз сатылбасын!" деген сыяктуу ураандар болду. 2020-жылдын 14-ноябры.

Ишембиде (14-ноябрда) Казакстандын мурдагы борбору Алматы шаарындагы Чокон Валихановдун айкелинин жанында бийликтер уруксат кылган нааразылык жыйыны өткөрүлдү. Митингди уюштурууга "Демократиялык партия" аттуу партияны уюштурууга аракет кылып жүргөн саясатчы Жанболат Мамай менен Украинада байырлап жаткан журналист, Youtube барагындагы "Баса-а!" (казакча "Бәсе" ) каналынын негиздөөчүсү Айдос Садыков демилгечилерден болушкан.

Жыйынды уюштуруучулар банктык насыяларды кечирүү, жер тилкелерин чет өлкөлүктөргө сатпоо, саясий туткундарды тез арада бошотуу талаптарын коюшту жана өз мекендештерин 2021-жылдын 10-январына белгиленген парламенттик шайлоого бойкот кылууга чакырышты.

Нааразылык жыйынынын катышуучулары 16-декабрда да кайрадан митингге чыга тургандыктарын жарыялашты. Ал күнү 2011-жылдагы Жаңы-Өзөн жергесиндеги жана 1986-жылдагы Алматыдагы "Желтоксон" кандуу окуяларынын курмандыктары эскерилмекчи.

Ал эми ишембиде саал мурдараак полиция убактылуу кармаган эркин журналист, "ДАТ" гезитинин башчысы Эрмурат Бапи бир нече сааттан кийин бошотулду. Бул тууралуу Бапи өзү "Азаттыктын" Казак кызматына тастыктады.

Эми Эрмурат Бапи саал мурдараак "уруксат кылынбаган жыйынга катышты" деген доо боюнча 16-ноябрда сот алдында жооп бермекчи.

Эрмурат Бапинин өзүнүн айтымында, ал Казакстандагы абакта белгисиз жагдайда каза болгон Дулат Агадилдин уулу Жанболаттын жаназасына интернеттен онлайн катышкандыгы үчүн эле ушул доого кабылган.

XS
SM
MD
LG