Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

Прокурордун өлүмү үчүн айыпталган Мелис Калыковдун жакындары ишти кайра тергөөнү талап кылып чыкты


Мелис Калыков мурдагы сот процесстеринде.
Мелис Калыков мурдагы сот процесстеринде.

Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү үчүн айыпталган Мелис Калыковдун жакындары ишти кайра тергөөгө жөнөтүүнү талап кылып, билдирүү таратышты.

Калыковдун бир тууганы Дарийка Калыкова кайрылуунун мазмуну тууралуу «Азаттыкка» комментарий берип, муну ишти тергөө жана соттук кароо калыс жүрбөгөнү менен түшүндүрдү. Алар мурдагы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун тушундагы иликтөөгө ишенбей турганын, ошол себептүү ишти кайра кароо зарыл экенин белгилеп жатышат.

Мелис Калыковдун адвокаты Сартбай Жайчыбеков да соттук отурум өтсө, алар тапкан жаңы жагдайларды жана күбөлөрдүн жаңы көрсөтмөлөрүн жарыя кылышарын маалымдады.

Дарийка Калыкова бул маселени 3-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров менен жолугушууда да көтөргөн. Жапаров бул иште анын да күмөнү бар экенин билдирип, ишти кайра териштирүүгө жөнөтүүнү караштыра турганын айткан.

43 жаштагы Анарбай Мамажакыпов 2018-жылы ноябрда киши колдуу болгон. Анын сөөгү Баткенде тоо арасынан табылган. Окуя боюнча ошол учурдагы Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалган. 2019-жылдын 27-ноябрында Ош шаардык соту Калыковду бул кылмышка күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Айыпталуучу соттук кароодо көрсөтмө берүүдөн баш тартып, күнөөсүн толук мойнуна алган эмес.

Айыпталуучунун адвокаттары Ош облустук сотуна даттанышкан. Экинчи инстанция ишти быйыл жаз айларында бир нече жолу караган. Кийин пандемияга байланыштуу отурумдарды онлайн өткөрүүгө Калыковдун жактоочулары макул болбой койгондуктан ишти кароо белгисиз мөөнөткө жылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG