Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:35

18-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

18-ноябрда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…-7;

Талас жергесинде түнкүсүн -9...-14, күндүз -2…-7;

Баткен облусунда ​түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4;

Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -19…-24, күндүз -7…-12 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз бир аз кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11, күндүз -2…-4 градус болот.

XS
SM
MD
LG