Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Райымбек Матраимов кылмыш ишине байланыштуу казынага төккөн сумма 536,2 млн. сом болду


Райымбек Матраимов.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов соңку суткада Финансы министрлигинин атайын эсебине дагы 42,3 млн. сом которду. Министрлик кабарлагандай, натыйжада ал төккөн сумма 536,2 млн. сомду түздү.

Райымбек Матраимов бажы органдарындагы коррупцияга байланыштуу сотко чейинки териштирүүнүн алкагында 20-октябрда кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Матраимов тергөө менен кызматташууга макул болгонун, 2016-жылдан бери коррупциялык схема аркылуу тапкан 2 млрд. сомду мамлекетке төлөп берерин билдирген. Ал ошол эле күнү УКМКнын депозиттик эсебине 80 млн. сом төккөн.

Бул күнү сот Матраимовду эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон. Матраимов УКМКнын айыптоосу тууралуу комментарий берген эмес.

Быйыл өлкөдө бийлик алмашкан соң президенттин милдетин аткарып турган өкмөт башчы Садыр Жапаров андан кийинки билдирүүлөрүндө Райымбек Матраимовду камакка алуу-албоо тууралуу чечим саясий мүнөздө болгонун белгилеп, аны үй камагына бошотууга өзү буйрук бергенин айткан. Жапаров экономикалык кылмыштарда айыпкерди камоодон пайда жок экенин, андан көрө чыгымды өндүрүп алуу оң болорун билдирген. Садыр Жапаров Матраимов сумманы ноябрдын соңуна чейин төлөп бүтөрүн маалымдаган.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG