Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 23:47

Улуттук банк үч күн катары менен интервенция жүргүздү


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкы соңку үч күн катары менен интервенция жүргүздү. Мекеменин маалыматына караганда, 18-ноябрда сатыкка 1 миллион 300 миң доллар чыгарылды.

Ага чейинки эки күндө 23 миллион 900 миң доллар интервенция болгон.

Ушуну менен ноябрь айында төртүнчү, ал эми жыл башынан бери 19-жолу интервенция жүргүзүлүп, сатыкка жалпысынан 397,7 миллион доллар коюлду.

Интервенцияны башкы банк улуттук валюта сомду колдоо максатында ишке ашырат.

Бүгүн, 19-ноябрга карата доллардын расмий курсун Улуттук банк 84,77 сом деп аныктады, акча алмаштыруучу жайларда орточо сатуу курсу 84,85 сом болууда.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар быйыл март айында 85 сомго жетип, кийин кайра арзандай баштаган.

Жыл башынан бери Кыргызстанда доллардын курсу 15-16 сомго көтөрүлүп, ошого жараша азык-түлүк жана башка товарлар да кымбаттап кетти.

Орус рублинин бүгүнкүгө расмий курсу 1 сом 11 тыйын деп аныкталды.(RK)

XS
SM
MD
LG