Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 20:31

«Кыргызмунайгаздын» жетекчиси кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын билдирди


«Кыргызмунайгаз» ишканасы.

«Кыргызмунайгаз» ишканасынын жетекчиси Рашит Бостонов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Арызын эки күн мурда жазганын ал «Азаттык» радиосуна бүгүн, 19-ноябрда билдирип, «саясий күчтөрдүн жана анын ишин көрө албагандардын басымынан» улам ушундай чечим кабыл алганын айтып берди, бирок ал кайсы күчтөр экенин атаган жок.

16-ноябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 200дөй адам чогулуп, Бостонов жакшы иштеп жатканын, ага карата каралоо жана иштен алуу аракети болуп жатканын билдирген. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Бостоновго байланыштуу эч кандай буйрук чыкпаганын «Азаттыкка» маалымдаган.

Рашит Бостонов «Кыргызмунайгаз» ишканасына жетекчи болуп 2018-жылы дайындалган.

«Кыргызмунайгаз» ачык акционердик коому Кочкор-Ата, Майлуу-Суу жана Ноокен аймактарында чалгындалган 11,3 млн. тонна мунай жана 4,7 млрд. куб метр газ запасына ээ. Жалпысынан анын карамагында Жалал-Абад облусундагы 35 майда мунай жана газ кени бар.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашкан. Ошондон бери көптөгөн мекеме-ишканаларда да жетекчи кадрлар алмашууда. Президенттин милдетин убактылуу аткарган Садыр Жапаров мамлекеттик кызматтардагы дайындоолор өлкөдөгү саясий күчтөрдүн сунуштарын эске алуу менен жүргүзүлүп жатканын жана 2-3 айдан кийин ал орундардын баарына сынак аркылуу тандоо уюштуруларын 29-октябрда өкмөттүк жыйында билдирген. (TB)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG