Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:51

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйыны Бишкекте өтөт


Душанбеде кыргыз-тажик кызматташтыгы талкууланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:01 0:00

Душанбеде кыргыз-тажик кызматташтыгы талкууланды, 19-ноябрь, 2020-жыл.

19-ноябрда Тажикстанда иш сапары менен жүргөн Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолугуп, чек ара маселесин талкуулашты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, жолугушууда Казакбаев Кыргызстандагы саясий окуялардын өнүгүшү боюнча айтып берген. Эки тарап кыргыз-тажик кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка кеңири өңүттөрүн талкууга алган.

Тараптар чек ара маселелери боюнча өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги 17-жыйынын 2021-жылы Бишкек шаарында өткөрүүнү пландашты.

Ошондой эле Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссияларынын мындан аркы жумуштарын илгерилетүү жөнүндө сүйлөштү. Чек арадагы маселелерди сүйлөшүү жана тынчтык жолу менен чечиш керек экендиги белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында 2021-2022-жылдардагы кызматташуу жөнүндө программага кол коюлду.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы - 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат.

Талаштуу тилкелер Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунун Тажикстан менен чектешкен аймактарында. Бул жерлерде жайыт, жер, сугат суу талашынан улам эки элдин ортосунда чыр-чатак көп болот. (TSh)

XS
SM
MD
LG