Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Айыл чарба министрлиги мал-жандык экспорттоого тыюу салууну сунуш кылды


Кой-эчки. Айыл чарба министрлиги тараткан сүрөт.
Кой-эчки. Айыл чарба министрлиги тараткан сүрөт.

Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу социалдык маанилүү товарларды сыртка экспорттоого тыюу салууну сунуш кылып жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, айыл чарба министри Тилек Токтогазиев учурда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маанилүү экенин белгилеген.

«Азыркы оор кырдаалда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маанилүү. Зарыл товарлардын кымбатташын эске алып, бул маселени тез арада чечүү маанилүү. Ички базарды мал менен камсыз кыла албай калуу коркунучу бар», - деди Токтогазиев.

Айыл чарба министрлиги экспорттоого тыюу салууну сунуш кылгандардын арасында тирүү мал-жандык, дан эгиндери жана айрым товарлардын түрлөрү бар. Мисалы, бодо мал, кой-эчки, үй канаттуулары, дан эгиндеринен арпа, жүгөрү, күрүч, буудай уну. Министр өсүмдүк майын, кумшекерди, тоок жумурткасын, йоддолгон тузду жана малга берилүүчү тоюттарды (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин жеми) да сыртка ташууга тыюу салууну сунуш кылып жатат.

Тиешелүү жарлык премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Учурда азык-түлүк кымбаттап жатат. Бишкектин базарларында, мисалы, орто эсеп менен өсүмдүк майы 50-80 сомго, кумшекер 10-30 сомго, эт 50-100 сомго чейин кымбаттады. (TSh)

XS
SM
MD
LG