Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

Баяндама: австралиялык аскерлер ондогон ооган туткунду өлтүргөн болушу мүмкүн


Австралия АКШ баштаган эл аралык күчтөрдүн алкагында Ооганстанга аскерлерин 2002-жылы жөнөткөн.
Австралия АКШ баштаган эл аралык күчтөрдүн алкагында Ооганстанга аскерлерин 2002-жылы жөнөткөн.

Австралияда дээрлик төрт жылга созулган иликтөөдө өлкөнүн тандалма аскерлер бөлүгү ооганстандык 39 туткунду өлтүргөн болушу мүмкүн деген корутунду чыгарылды.

Өлкөнүн Коргоо күчтөрүнүн кол башчысы, генерал Ангус Кэмпбэлл армиянын беделине көлөкө түшүргөн бул маалымат 19-ноябрда жарык көргөн баяндамада айтылганын билдирди:

«Судья Бреретон 57 эпизодду карап чыкты. 23 окуяда австралиялык жоокерлер 39 кишини мыйзамсыз өлтүрүүгө катышканы тууралуу маалымат ишеним жаратат деп тапты. Ал адамдар аскерлердин көзөмөлүндө же жөнөкөй тил менен айтканда туткундар, дыйкандар же башка карапайым оогандар болчу», - деди кол башчы.

Генералдын айтымында, туткундарга андай ырайымсыз мамиле боюнча окуялар 2005-2016-жылдар аралыгында болгон. Генерал ооган армиясынын жетекчиси менен сүйлөшкөнүн, ал окуяларга өкүнгөнүн жана ооган элинен кечирим сураганын айтты.

Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон баяндама чыга электе ооган президенти Ашраф Ганиге телефон чалып кечирим сурады жана сот адилеттигин орнотууга сөз берди.

Австралия АКШ баштаган эл аралык күчтөрдүн алкагында Ооганстанга аскерлерин 2002-жылы жөнөткөн. Учурда ал өлкөнүн контингенти 1150 жоокерден турат.

XS
SM
MD
LG