Токтогул гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 2020-жылдын 20-ноябрына карата 14,2 млрд. куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынынын сайтында кабарланды.
2019-жылдын куду ушул датасында кампадагы көрсөткүч 16,6 млрд. куб метр болгон. Башкача айтканда бир жыл мурункуга караганда суу 2,4 млрд. куб метрге азайды.
Быйыл жайда Кыргызстандагы «Таза Кол» коомдук уюму Токтогул суу сактагычында суу кескин азайып кеткенин билдирип, бул кышта жарыктын өчүрүлүшүнө алып келерин эскерткен. Уюм акыркы жылдары суу сактагычтагы суу белгисиз жагдайда агызылып келгенин, натыйжада жылына 5-10% кемип келгенин билдирген.
Расмий маалымдалгандай, 2017-2018-жылдары Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү күз-кыш мезгилине 19,2-19,6 млрд. куб метр менен кирген. 2019-жылы жайда 16 млрд. куб метр суу болсо, күзгө чейин ал 17 млрд. куб метрге жеткен. Быйылкы көлөм мурдагы жылкыдан 5-6 млрд., былтыркы жайдагыдан 3-4 млрд. куб метрге аз болуп жатат.
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиодогу» маектеринин биринде быйыл аба ырайына байланыштуу суу сактагычтарда суу аз топтолгонун, бул алдын ала божомолдонгонун маалымдаган.
Өлкөдө бийлик алмашкандан кийин премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков 19-ноябрда кеңешме өткөрүп, кыш мезгилинде электр энергиясы өчүрүлбөй турганын билдирген. Андан мурун, 5-ноябрдагы жыйында вице-премьер-министр Равшан Сабиров суу аз топтолгондуктан, быйыл Кыргызстан Казакстандан 500 млн. киловатт саат электр энергиясын сатып аларын айткан эле. (ErN)