Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:52

Барак Обаманын китеби президенттердин мемуарларынын ичинен рекорд жаратты


Барак Обама, АКШнын экс-президенти.
Барак Обама, АКШнын экс-президенти.

АКШнын экс-президенти Барак Обаманын жаңы китеби сатыкка чыккан алгачкы суткада эле дээрлик 900 миң нускасы сатылып алынганын британиялык «The Guardian» басылмасы кабарлады.

Бул АКШнын президенттери жазган мемуарлардын ичинен рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Салыштыруу үчүн мурдагы мамлекет башчы Билл Клинтондун «Менин жашоом» китеби биринчи суткада 400 миң нускада, Жорж Буштун «Чечим кабыл алуу чекити» китеби 200 миң нускада сатылганы белгиленип жатат.

Обаманын «Кут түшкөн жер» («Promised Land», «Земля обетованная») китеби мындан сырткары «Amazon» жана «Barnes & Noble» интернет-сервистеринде да, китепти чыгарган «Penguin Random House» өзүнүн жеке сатыктарында да алдыңкы орундарды алды. Китеп чыгар алдында аталган басылма мурдагы президентке мемуарлардын тарыхындагы эң чоң аванс – 65 миллион доллар төлөп берген.

Барак Обаманын 17-ноябрда жарык көргөн китеби 800 беттен турат. Бул анын үчүнчү китеби, мурдараак «Менин атамдын кыялы» жана «Үмүттүн тайманбастыгы» деп аталган китептери жалпы нускасы миллиондон болгон. Динамикага караганда «Кут түшкөн жер» алардан бир нече эсе ашышы мүмкүн.

Мунун алдында Барак Обама өзүнүн жаңы китебинде Орусиянын лидери Владимир Путинди кескин сынга алып, аны «кылмыш синдикатын» эске салган өкмөттүн жетекчиси деп атаганы чуу жараткан. Ал Путинди Америкадагы XIX кылымдын аягында, XX кылымдын башында жетектеген коррупционер мэрлерге окшоштуруп, 20 жылдан бери Орусияны президент жана өкмөт башчы катары жетектеп келаткан Путин «балким сестенте турган, бирок эч убакта үлгү боло албаган» мамлекетти курганын жазган.

Кошмо Штаттардын башында 2009-2017-жылдары турган Обаманын Путин менен алакасы анча жакшы болгон эмес. Обама бийликке келерден үч ай мурда Москва 2008-жылдын август айында Грузиядагы чатакка кийлигишкен. Путин менен анын администрациясы Обаманын жаңы китебинде айтылгандарга комментарий бере элек. (ErN)

XS
SM
MD
LG