Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

ИИМ: Эч кимге кысым болгон жок, суракка октябрдагы окуялардын күбөлөрү чакырылууда


ИИМдин имараты.
ИИМдин имараты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жогорку Кеңештин төрт депутаты Тергөө кызматына суракка чакырылганын саясатташтырбоону суранууда. 20-ноябрда министрлик 5-6-октябрь күндөрү башталып, 9-октябрда уланган окуялар боюнча Жазык кодексинин бир нече оор беренеси менен кылмыш иштери козголгонун жана азыркы кезде тергөө, издөө, иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева суракка чакырылуучулардын тизмесинде бир топ адам бар экенин белгиледи:

«Алардын арасында коомдук ишмерлер, укук тартибин коргоо органдарынын кызматкерлери жана башка жарандар да бар. Тергөөнүн купуялыгына байланыштуу азырынча көп нерсени айтууга жана ачыкка чыгарууга мүмкүн эмес. Суракка чакырылгандарга тергөөнүн суроолору бар. Октябрь окуяларына катышкан, аны билген, аралашып жүргөндөр тууралуу бизде ыкчам маалыматтар бар. Ошого байланыштуу ИИМдин Тергөө кызматы күбө катары гана сурап жатат».

Быйыл 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митинг өткөрүп, бул акция башаламандык менен уланган жана бийликтин алмашуусуна алып келген. 6-октябрга караган түнкү окуяда бир митингчи каза болуп, жүздөгөн адам жараат алган. 9-ноябрда да Бишкекте митинг өтүп, башаламандык чыккан.

20-ноябрда «Саясий репрессияларга каршылык көрсөтүү комитети» уюму Жогорку Кеңештин төрт депутаты Жанарбек Акаев, Рыскелди Момбеков, Эмил Токтошев жана Мирлан Жээнчороев Ички иштер министрлигине суракка чакырылышында саясий куугунтуктун белгилери бар экенин билдирди. Уюм алар президенттик шайлоону парламенттик шайлоого чейин өткөрүүгө жана Конституциянын жаңы долбооруна каршы пикирин билдирип чыкканы үчүн суракка чакырылып жатканын белгиледи жана муну күч түзүмдөрүнүн бийликтин мыйзам чыгаруу бутагына басымы катары баалады.

Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу менен 17-ноябрда талкууга чыгарылган Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, Кыргызстанда президенттин укуктары кеңейет, мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алат. Мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилет. Парламент депутаттарынын саны 90го чейин кыскартылат. Долбоордун өзүнүн автору тууралуу так маалымат таратыла элек. Демилгечи катары көрсөтүлгөн бир катар депутаттар анын автору жана демилгечиси болбогонун билдиришүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG