Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:05

Отунбаева бийликти консенсуска келүүгө чакырды (видео)


Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева.
Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева бийликти Конституциянын сунушталган жаңы долбоорунун кемчиликтерин көргөзүп, ага альтернативалуу пикир айткандарды бийликтин душманы катары кабыл албоого чакырды. Бул тууралуу экс-президент 20-ноябрда Бишкекте өткөн жыйындан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Ушул кантип бут тосуу болсун? Эреже боюнча Конституциянын долбоорунун тексти чыкты. Биз аны талкуулап жатабыз. Анан алардын көз карашы менен макул болбосо эле бут тоскон болуп калабы? Биздин көз карашыбызда карама-каршылыктар болуп жатканы чын. Бирок биз консенсуска келгенге даярбыз. Биз элди экиге бөлүп, карама-каршы турганга түртпөшүбүз керек», - деди Отунбаева.

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы болгондордун сын-пикирине 19-ноябрда «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу жооп берип, муну бут тосуу катары баалаган. Жапаров анда «2010-жылы кабыл алынган Конституция бир ууч адамдардын пайдасы үчүн гана кабыл алынган, он жылдагы тажрыйба жаңы Баш мыйзамды кабыл алуунун зарылдыгын көрсөттү» деп белгилеген.

Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу менен 17-ноябрда талкууга чыгарылган жаңы долбоорго ылайык, Кыргызстанда президенттин укуктары кеңейет, мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алат. Мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилет. Парламент депутаттарынын саны 90го чейин кыскартылат. Бул долбоор жарыяланары менен бирк атар жарандык коом өкүлдөрүнүн, саясий ишмерлердин, укук коргоочулардын кескин сынына кабылды. (BTo)

XS
SM
MD
LG