Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:39

Бөрүбашев: Баш мыйзамдын долбоорунун авторлору - ага кол койгон депутаттар


Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

Конституциянын жаңы долбоорунун авторлору – аны референдумга алып чыгуу тууралуу мыйзам долбооруна демилгечи болгон депутаттар. Бул тууралуу 20-ноябрда Баш мыйзамдын референдумга коюла турган вариантын иштеп чыгыш үчүн 20-ноябрда түзүлүп, дароо ишке кирген конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди:

«Автору – демилгечи болгон депутаттар. Конституциялык кеңешмеде талкуулап бүткөндөн кийин биз, кеңешменин 85 мүчөсү авторлош болуп калабыз».

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, мыйзам долбоорунун демилгечилери 80 депутат экени айтылды жана алардын тизмеси жарыяланды.

Кийин айрым депутаттар демилгечиликтен баш тартканын айтып чыгышты. Айрымдары Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга тиешеси жок экенин, аны көрбөгөнүн билдиришти.

Долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат, ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу орнойт деп кооптонууда. (RK)

XS
SM
MD
LG