Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:35

Ошто УКМКга жүздөн ашуун киши чогулуп, алты милицияны бошотууну талап кылышууда


Оштогу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин имараты. 21-ноябрь, 2020-жыл.
Оштогу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин имараты. 21-ноябрь, 2020-жыл.

Оштогу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) имаратынын алдына 21-ноябрь күнү жүздөн ашуун киши чогулуп, буга чейин облустук милициянын имаратында каза болгон жарандын өлүмүнө байланыштуу кармалган алты милиция кызматкерин бошотууну талап кылышууда.

26 жаштагы адамдын өлүмүнө шектүү катары 19-ноябрда облустук милициянын алты кызматкерин УКМК Жазык кодексинин «Кыйноо» деген 143-беренесинин негизинде кармап, тергөө абагына отургузулган.

«Камчыбек Ташиевге үнүбүз жетип, акыйкат чечим чыгарып берсин деп талап коюп жатабыз. Жетекчилер кылмышкерлерге өздөрү жумшап, кайрадан колдоруна кишен салып алты жигитти камап койгону үчүн акыйкат чечимди талап кылып тууган-уруктары келди», — деди чогулгандардын бири Айсалкын Сооронбаева.

Кармалган милиция кызматкерлеринин тууган-уруктары.
Кармалган милиция кызматкерлеринин тууган-уруктары.

Сооронбаеванын маалыматында кармалган милиция кызматкерлеринин баш коргоо чарасы бүгүн каралат.

Ноокат районунун тургуну Мухамед Каныбек уулу карактоо үчүн шектүү катары кармалгандан кийин каза болгон. Анын туугандары Мухамед милиция кызматкерлеринин кыйноосунан улам көз жумганын билдирип, прокуратурага жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетке бир нече жолу кайрылышкан.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы 16-октябрь күнү муркумдун жүрөгү кармап, «Тез жардамга» барган учурда каза болгонун билдирген. (DU)

XS
SM
MD
LG