Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-декабрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 00:13

Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргоп калды


Валентина Шевченко

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC 255 мелдешинин алкагындагы беттеште бразилиялык Женнифер Майяны жеңип, чемпиондук наамын коргоду.

Турнир 22-ноябрга караган түнү АКШнын Лас-Вегас шаарында өттү.

Кыргызстандык мушкер бешинчи раундда калыстардын чечими менен жеңишке жеткен Шевченко жеңил салмактагы титул үчүн беттешти.

Анын алдында Валентинанын бир тууганы Антонина Шевченко да бразилиялык Ариана Липскини экинчи раундда техникалык нокаут менен утту.

Валентина Шевченко - эл аралык аренада Кыргызстандын атын таанытып келаткан спортчу. Беш жашында спортко аралашкан Шевченко муай-тай боюнча дүйнөнүн 11 жолку, кикбокстун К-1 түрүнөн дүйнөнүн үч жолку, таймаштын аралаш түрлөрү боюнча (ММА) дүйнөнүн эки жолку чемпиону болду.

Азырынча дүйнөдө Валентинага тең келген анын салмагындагы мушкер кыздар жок. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG