Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:55

Муфтият аялдар зомбулугуна каршы иш-чараларды өткөрөт


Муфтият өкүлдөрү менен активист аялдардын жыйыны. 20-ноябрь, 2020-жыл. Бишкек.
Муфтият өкүлдөрү менен активист аялдардын жыйыны. 20-ноябрь, 2020-жыл. Бишкек.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) активист аялдар менен бирге аялдардын көйгөйлөрүнө, алар кабылган зомбулукка каршы иш-чаралардын планын иштеп чыгат. Бул тууралуу 20-ноябрда активист аялдар менен муфтият жетекчилиги өткөргөн жыйында айтылды.

Жыйынга муфтийдин орун басары Кадыр Маликов баш болгон жетекчилер катышты. Маликов жолугушуу аялдар кездешкен көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн уюштурулганын белгиледи. Жыйынга катышкан “Хисса Бинт Зайд” аялдар өнүктүрүү борборунун жетекчиси Айнагүл Өмүрзакова аялдар кабылган үй-бүлөдөгү зомбулук жана диний сабаттуулук жөнүндө маселе көтөрдү. Анын айтымында, бул көйгөй боюнча муфтият активдүү иш-аракет жүргүзүшү керек.

“Акыркы кездери аялдардын жашоо турмушунда кездешкен көйгөйлөрдү чечүүдө алгылыктуу иштер жүргүзүлбөй келет. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка кабылгандардын көпчүлүгүн айымдар түзөт. Мындай маселени алдын алууда биринчи кезекте аялдардын диний сабатсыздыгын жоюп, аң сезимин өзгөртүү керек. Бул жаатта Муфтият жандуу иштерди алып барышы зарыл”, - деди Өмүрзакова.

Жакында эле Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жарыялаган иликтөөдө үй-бүлөдөгү зомбулук иштеринин 70% тараптардын келишип алышы менен токтогону көрсөтүлгөн.

Иликтөөдө айтылгандай, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылгандардын басымдуу бөлүгү – 30-39 жаштагы аялдар. Бишкек шаарында жана Аламүдүн районунда тогуз айда эле 3 686 учур Жазык кодексинин «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси менен катталган. Маалыматка ылайык, бул берене менен көп учурда кыз-келиндер күйөөсүнөн, атасынан же өгөй атасынан токмок жеген учурлар катталган. Дээрлик бардык токтотулган иштерде тараптар келишип алганы, негизинен сабалган аялдар тосмо арыз жазганы негиз катары көрсөтүлгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG