Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:05

Маалыматтык технологиялар комитети: Санариптештирүү толук кандуу жүрүп жатат


Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Алтынбек Исмаилов.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Алтынбек Исмаилов.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Алтынбек Исмаилов учурда өлкөдө санариптештирүү иштери толук кандуу жүрүп жатканын жана электрондук башкаруудан улам мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө кыйла жеңил болуп, коррупциялык тобокелдиктер азайып жатканын маалымдады. Исмаилов бул тууралуу 21-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, парламент спикери Талант Мамытов “Түндүк электрондук борбору” мамлекеттик ишканасына барган учурда билдирди.

Ошондой эле Исмаилов санарип платформанын түзүлүшү менен бирге эл аралык стандарттарга жана киберкоопсуздуктун талаптарына жооп бере турган маалыматтарды иштеп чыгуу борбору түзүлүп жатканын айтты.

“Түндүк” мамлекеттик ишканасынын маалыматына караганда, “Түндүк” тутумуна 19 мамлекеттик органдын 82 кызматы туташтырылган.

Кыргыз бийлигинин мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү санариптештирүү аракети 2017-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаковдун тушунда башталган. 2019-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп белгиленген жана билим берүү, медицина, бизнес, туризм, сот жана укук коргоо органдарынын ишин санариптештирүү пландалган.

2020-жыл Кыргызстанда «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыяланган.

Коомчулукта санариптештирүүнүн жүрүшүнө карата сын-пикирлер аз эмес. Өзгөчө мамлекеттик органдардагы тейлөөлөр автоматташтырылбагандан улам узун кезек пайда болгонуна нааразылыктар айтылып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG