Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Шевченко: биздин үй-бүлө күчтүү аялдардын үлгүсү


Чемпиондук наамын коргоп калган кыргызстандык спортчу Валентина Шевченконун жеңиштен кийинки маалымат жыйынын UFC Ютубдагы орус тилдүү каналы жарыялады. Анда Шевченко бир тууганы Антонина Шевченко менен өзүнүн жеңишине жакында эле муай тай (тай боксу) боюнча виртуалдык турнирде апасы Елена Шевченконун дүйнө чемпионун утуп алганы шыктандырганын белгиледи.

“Мага жана бир тууганыма бул чоң мотивация болду. Биз баарыбыз спорт менен машыгабыз. Биздин үй-бүлө күчтүү аялдардын үлгүсү”, - деди Шевченко.

Кыргызстандын президенттинин милдетин аткаруучу, парламент спикери Талант Мамытов Валентина Шевченкону UFC чемпиондук наамын коргошу менен куттуктады.

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC 255 мелдешинин алкагындагы беттеште бразилиялык Женнифер Майяны жеңип, чемпиондук наамын коргоду. Турнир 22-ноябрга караган түнү АКШнын Лас-Вегас шаарында өттү.

Бешинчи раундда калыстардын чечими менен жеңишке жеткен кыргызстандык мушкер Шевченко жеңил салмактагы титул үчүн беттешти. Анын алдында Валентинанын бир тууганы Антонина Шевченко да бразилиялык Ариана Липскини экинчи раундда техникалык нокаут менен утту.

Валентина Шевченко - эл аралык аренада Кыргызстандын атын таанытып келаткан спортчу. Беш жашында спортко аралашкан Шевченко муай-тай боюнча дүйнөнүн 11 жолку, кикбокстун К-1 түрүнөн дүйнөнүн үч жолку, таймаштын аралаш түрлөрү боюнча (ММА) дүйнөнүн эки жолку чемпиону болду.

Азырынча дүйнөдө Валентинага тең келген анын салмагындагы мушкер кыздар жок. (TSh)

XS
SM
MD
LG