Берлинде 25-ноябрда эртең менен өлкө канцлери Ангела Меркелдин резиденциясынын дарбазасын автоунаа барып сүздү.
Машиненин кабинасынын бооруна «Глобалдаштыруу саясатын токтоткула», «Балдар менен кары-картаңдарды өлтүргөндөргө наалат» деген сөздөр жазылган. Окуядан жаракат алгандар катталган жок.
Шаршембиде Меркел өлкө аймактарынын жетекчилери менен видео конференция өткөрөрү кабарланган. Анын жүрүшүндө коронавируска каршы чараларды узартуу маселеси талкууланат.
18-ноябрда Германиянын бийлиги Эпидемиологиялык коргоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул мыйзам коронавируска байланыштуу бир катар чектөөлөрдү камтыйт.
Мындай чектөөлөргө каршы Берлинде демонстрация өткөн. Алар бул документ менен бийлик жарандардын эркиндиги менен укуктарын чектейт деп айтып чыгышкан. Демонстрацияга чыккандардын айрымдары коронавируска каршы милдеттүү эмдөөгө мажбурлайт деп чочулай турганын айтышкан.
Бирок немис өкмөтү муну четке кагып, мыйзамда медициналык камсыздандыруу бар-жогуна карабай бардык жарандарга жеткиликтүү эмдөө камсыз кылуу каралганын түшүндүрүүдө.